18 - декабрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 42, анын ичинде Бишкек ш.– 9, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 17, Ош облусу – 3, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 3.  

Жалпы айыккандардын саны: 179 247 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.3

Ош шаары

99.0

Чүй облусу

96.7

Ош облусу

98.5

Талас облусу

95.6

Нарын облусу

96.6

Ысык-Көл облусу

97.5

Жалал-Абад облусу

97.9

Баткен облусу

96.6

 Жалпы:

97.3

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 18 - декабрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 40 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 21, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 5, Ош облусу – 3, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 3, Джалал-Абад облусу – 7, Баткен облусу – 0.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 184 163 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 125 385, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 58 778.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,6 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

11

10

Ош шаары

0

0

Чүй облусу

1

4

Ош облусу

2

1

Талас облусу

1

0

Нарын облусу

0

0

Ысык-Көл облусу

1

2

Жалал-Абад облусу

5

2

Баткен облусу

0

0

 Жалпы:

21

19

 

Акыркы суткада –    3 928 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 294 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 357 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 127, Ош ш. – 0, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 0, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 29, Джалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда – 18. Стационарда дарыланып жаткан 294 бейтаптардын ичинен, 134 (45,5%) орто оордукта, 140 (47,6%) оор абалда жана 20 (6,8%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 149, Ош ш. – 31, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 11, Талас облусунда –  17, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Джалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда – 22.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2781 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1134, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1647.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6932 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 0 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6898 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу