23 - ноябрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 100, анын ичинде Бишкек ш.– 44, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 14, Ош облусу – 14, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 18, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 4.  

Жалпы айыккандардын саны: 177 599 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.1

Ош шаары

98.6

Чүй облусу

96.6

Ош облусу

98.4

Талас облусу

95.0

Нарын облусу

96.2

Ысык-Көл облусу

96.7

Жалал-Абад облусу

97.7

Баткен облусу

96.4

 Жалпы:

97.1

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 23 - ноябрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 69 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 30, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 19, Ош облусу – 3, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 7, Джалал-Абад облусу – 0, Баткен облусу – 4.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 182 953 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 124 949, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 58 004.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,7 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

12

18

Ош шаары

1

1

Чүй облусу

0

19

Ош облусу

2

1

Талас облусу

2

1

Нарын облусу

1

0

Ысык-Көл облусу

4

3

Жалал-Абад облусу

0

0

Баткен облусу

4

0

 Жалпы:

26

43

 

Акыркы суткада –    2 835 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 458 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 633 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 165, Ош ш. – 4, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 62, Джалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда – 38. Стационарда дарыланып жаткан 458 бейтаптардын ичинен, 2 (0,4%) канааттандыраарлык, 268 (58,5%) орто оордукта, 157 (34,2%) оор абалда жана 31 (6,7%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 284, Ош ш. – 51, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 19, Талас облусунда –  36, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 87, Джалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда – 20.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте, Чуйдо (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2729 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1118, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1611.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6910 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 2 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6869 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу