25 - ноябрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 67, анын ичинде Бишкек ш.– 48, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 1, Ош облусу – 0, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 13, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 1.  

Жалпы айыккандардын саны: 177 760 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.1

Ош шаары

98.6

Чүй облусу

96.5

Ош облусу

98.3

Талас облусу

95.0

Нарын облусу

96.2

Ысык-Көл облусу

96.8

Жалал-Абад облусу

97.7

Баткен облусу

96.5

 Жалпы:

97.1

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 25 - ноябрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 70 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 23, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 21, Ош облусу – 6, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 8, Джалал-Абад облусу – 7, Баткен облусу – 3.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 183 066 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 124 990, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 58 076.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,7 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

4

19

Ош шаары

0

0

Чүй облусу

3

18

Ош облусу

3

3

Талас облусу

2

0

Нарын облусу

0

0

Ысык-Көл облусу

5

3

Жалал-Абад облусу

2

5

Баткен облусу

3

0

 Жалпы:

22

48

 

Акыркы суткада –    2 968 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 457 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 579 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 172, Ош ш. – 3, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 53, Джалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда – 37. Стационарда дарыланып жаткан 457 бейтаптардын ичинен, 2 (0,4%) канааттандыраарлык, 257 (56,2%) орто оордукта, 166 (36,3%) оор абалда жана 33 (7,2%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 246, Ош ш. – 54, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 12, Талас облусунда –  33, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 85, Джалал-Абад облусунда – 58, Баткен облусунда – 14.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте; клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Таласта (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2734 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1119, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1615.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6912 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 2 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6874 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу