3 - ноябрга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

Айыккандар боюнча

Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 97, анын ичинде Бишкек ш.– 40, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 37, Ош облусу – 2, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу – 2.  

Жалпы айыккандардын саны: 175 892 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

96,8

Ош шаары

98,5

Чүй облусу

96,3

Ош облусу

98,6

Талас облусу

95,4

Нарын облусу

96,3

Ысык-Көл облусу

96,3

Жалал-Абад облусу

97,7

Баткен облусу

96,7

 Жалпы:

96,9

 

Жаңы катталган учурлар

2021-жылдын 3 - ноябрына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 74 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 23, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 25, Ош облусу – 2, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 11, Джалал-Абад облусу – 7, Баткен облусу – 1.

 Жалпы катталган учурлардын саны – 181 499 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 124 373, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 57 126.

Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,8 түздү.

Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

11

12

Ош шаары

0

0

Чүй облусу

7

18

Ош облусу

1

1

Талас облусу

2

2

Нарын облусу

0

1

Ысык-Көл облусу

6

5

Жалал-Абад облусу

2

5

Баткен облусу

1

0

 Жалпы:

30

44

 

Акыркы суткада –    8 751 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча дарыланып жаткандар

Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 605 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 803 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 251, Ош ш. – 30, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 44, Джалал-Абад облусунда – 33, Баткен облусунда – 27. Стационарда дарыланып жаткан 605 бейтаптардын ичинен, 396 (65,4%) орто оордукта, 169 (27,9%) оор абалда жана 40 (6,6%) өтө оор абалда.

Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 485, Ош ш. – 4, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 13, Талас облусунда –  19, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 144, Джалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 1.

Каза болгон учурлар

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте, Чуйдо (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2676 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1103, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1573.

Медицина кызматкерлери

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган  - 1 медициналык кызматкер катталды, Талас обл. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6884 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 2 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6802 медициналык кызматкер айыкты.


Басып чыгаруу